Редакцияот 10.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы

 

2020-жылдын 10-сентябры № 170

 Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Чымбай” айылынын тургундарынын өтүнүч катын канааттандыруу максатында жаңы кабырстанга жер бөлүп берүү жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Чымбай”  айылынын тургундарынын өтүнүч катын канаттандыруу максатында жаңы кабырстанга коюга жер ажыратып берүү жөнүндөгү өтүнүч катын канаттандыруу максатында жана Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн суралган жерге аныктамасынын негизинде элдин көйгөй маселелерин  жана социалдык муктажыктарын чечип берүү максатында Дөң-Булак айылдык Кеңеши түшкөн арызды карап терең талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Чымбай” айылынын тургундарынын өтүнүч катын канаттандыруу максатында жаңы кабырстанга жер ажыратып берүү боюнча суранган өтүнүч каты канаттандырылсын. 

2.    Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана милиорация министирлигинин “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын корутундусун негизинде №827-контурдан 2 га, №828-контурдан 0,40 га жалпысынан 2,40 га жер аянты мүрзөө үчүн транформацияга макулдук берилсин. 

3.    Көрсөтүлгөн жерди бөлүп берүү жана керектүү иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. 

4.    Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы жана жер маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

П. А.Эсеналиев