Редакцияот 11.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVII- сессиясы

 

2020-жылдын 11-декабры № 174

 Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жөнөтүлгөн 2020-жылдын 12-декабрындагы №11-1988-20 сандуу каршылык билдирүүсүн кароо жөнүндө 

              Дөң-Булак айылдык кеңеши тарабынан “Өзгөн техникалык сервисинин” №2 протоколу колдоого алынып, автогараждын имаратын А.Исмаиловко менчиктештирүүгө уруксат берилген токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү Өзгөн райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2020-жылдын 12-декабрындагы №11-1988-20 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Өзгөн райондук прокуратурасынын 2020-жылдын 12-декабрындагы №11-1988-20 сандуу каршылык билдирүүсү аткарууга алынсын. 

2.    Дөң-Булак айылдык кеңеши тарабынан “Өзгөн техникалык сервиси” автогараждын имаратын А.Исмаиловко менчиктештирүүгө берилген 2009-жылдын 19-августундагы №17 сандуу токтому Өзгөн райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2020-жылдын 12-декабрындагы №11-1988-20 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде жокко чыгарылсын.

3.    Айылдык кеңешинен чыккан токтом, буйруктардын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жагы укук коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

П. А.Эсеналиев