Редакцияот 13.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын-III сессиясы

 

2021-жылдын 13-августу № 9

 “Ак-Жар айыл өкмөтүндө тазалык муниципалдык ишканасын уюштуруу жана аталышы  жөнүндө”

  Ак-Жар айылдык   Кеңеши айылдардын санитардык-тазалык иштерин жөнгө салуу максатында муниципалдык ишкананы уюштуруу жана аталышын тактоо максатында                                                            

Токтом кылат:

1.    Ак-Жар  айыл  өкмөтүнүн алдында жаңы    тазалык муниципалдык ишканасын уюштуруу жана аталышы жөнүндө сунушу айылдык кеңештин депутуттары тарабынан жактырылып, аталышы “Ак-Жар  таза аймак” муниципалдык ишканасы деген аталышка макулдук берилсин.

2.    “Ак-Жар таза аймак” муниципалдык  ишканасынын  карамагына  эл  жашаган  пункттардан   мыйзамдуу   аралыгы  сакталган жер  аянты  2 га  жер  аянты  Катыранкы  участкасынан  жана   1 га  жер  аянты  Большевик  айылынын Семиз-Көлгө   кеткен  жолдун сол  тарабынан,   совхоз  мезгилиндеги  морчонун  үстүнөн,  айыл чарбасына ыңгайсыз жерден, жалпысы  3 га  жер  аянты  бөлүнүп  берилсин .

3.    Муниципалдык мекеме түзүү, уставын бекитип, каттоодон өткөрүү жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Максутовго тапшырылсын

4.    Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Максутовго милдеттендирилсин

5.    Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет

 

Ак-Жар айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Турдали у. К.