Редакцияот 20.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясы

 

2019-жылдын 20-декабры № 97

 “Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен     Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери жөнүндө”  “Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматтарын жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Өзгөн социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге карата макулдук берилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

Б.Тургунбаев