Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 216 токтомуна ылайк КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2002-жылдын 19-февралы N 89

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фондун бекитилген Жобого ылайык пайдаланышын катуу көзөмөлдүккө алсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-октябрындагы N 561 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн миграция жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-сентябрындагы N 505 токтомунун экинчи пункту.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

К.Бакиев