Редакцияот 11.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кыштут айылдык Кенешинин VII – чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2021-жылдын 11-июну № 9

Кыштут айыл өкмөтүнө караштуу Сай айылындагы KOICA уюму менен биргеликте курулуп жаткан жашылча өстүрүүчү күнөскананын  курулушуна өздүк салым кошуу жөнүндө

Кыштут айыл өкмөтүнө караштуу Сай айылындагы KOICA уюму менен биргеликте курулуп жаткан жашылча өстүрүүчү күнөскананын курулушуна өздүк салым кошуу максатында Кыштут айылдык  Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы токтом кылат:

 

1. Кыштут айыл өкмөтүнө караштуу Сай айылындагы KOICA уюму менен биргеликте курулуп жаткан жашылча өстүрүүчү күнөскананын курулушуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100,0 (жүз миӊ) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Кыштут айылдык Кеӊешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча комиссиясына милдеттендирилсин

 

Төрага

С. Султанов