Редакцияот 2.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

           

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын III сессиясы

 

2021-жылдын 2-июлу № 3/5

Айыл аймагына топурак алуучу карьерге уруксаат берүү жөнүндө

“Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын бухгалтери С. Жумамүдүновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Нарын жерге жайгаштыруу инспекциясынын аныктамасы менен аныкталган Ак-Секи чөлкөмүндөгү № 904 контурундагы кирпич заводко тиешелүү 2 га жер аянтынан элге топурак алууга уруксаат берилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланга тапшырылсын.

 

Төрага

Адистен уулу К.