Редакцияот 17.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

           

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын I сессиясы

 

2021-жылдын 17-майы № 1

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо жана айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37 беренесине ылайык, Ак-Муз айыл аймагынын  айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Муз айылдык Кеңешинин төрагасына Адистен уулу Казыбек шайлансын.

2. Ак-Муз айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарына Өмүркулова Айнура Касеновна шайлансын.

3. Ак-Муз айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн.

- Финансы жана экономика тармагы:

Төрагасы: Ыбырай уулу Кенжебек  

Катчысы: Мукай кызы Айсулуу 

Мүчөсү: Дүйшеева Нестан Бекболотовна  

- Жер жана турак жай тармагы:

Төрагасы: Абдылдаев Болотбек Бексултанович  

Катчысы: Болотова Баян Токторовна 

Мүчөсү: Жакыпакун уулу Келдибек

- Закондуулук жана социалдык тармагы:

Төрагасы: Акматакунова Аида Тезекбаевна

 Катчысы:  Абдыбеков Байыш Майрекович

Мүчөсү:  Жумамүдүнов Самат Дүйшөнбекович 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы Адистен уулу Казыбекке тапшырылсын.

 

Төрага

Адистен уулу К.