Редакцияот 19.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

         

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXVIII сессиясы

 

2021-жылдын 19-февралы № 58/4

Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусу жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А. Кулболдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылы чогулган акча каражаттынын 3/1 бөлүгү жайыт инфраструктурасын жакшыртууга  которулуп берилсин;

2. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына  милдеттендирилсин.

3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. аk-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага

У. Мокешов