Редакцияот 19.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

         

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXVIII сессиясы

 

2021-жылдын 19-февралы № 58/8

Ак-Муз айыл аймагында таштанды чогултуу үчүн тариф бекитүү жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын бухгалтери С. Жумамүдүновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Муз айыл аймагында таштанды чогултууга 1 айга, 1 түтүнгө 50 (элүү) сом деп тариф  бекитилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С. Асанбаевге тапшырылсын.

 

Төрага

У. Мокешов