Редакцияот 12.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

         

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXVII сессиясы

 

2021-жылдын 12-январы № 57/1

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетин аткарылышы, 2021-жылга жергиликтүү бюджетин киреше-чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата киреше-чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын;

2. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.

КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:

1) Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 7 430,5 сом;

2) Теңдештирилген грант – 10 225,3 сом.

Баардыгы: 17 655,8 (он жети миллион алты жүз элүү беш миң сегиз жүз) сом

ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:

1) Башкаруу аппаратына –                                 13 547,9 сом;    Р-701 11

2) Китепкана                                                                   269,7 сом;         Р-708 21

3) Маданият тармагына –                                      1 233,6 сом;      Р-708 23

4) Бала бакчага –                                                                589,9 сом;         Р-709 11

5) Атайын каражат-                                                       240,4 сом;         Р- 709 11

6) Мектеп -                                                               1 380,0 сом;      Р-709 21

7) Экономикалык маселелер (жайыт комитети)-       394,3 сом;         Р- 704

Баардыгы: 17 655,8 (он жети миллион алты жүз элүү беш миң сегиз жүз)  сом

3. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга бюджетинин болжолдуу долбоордун киреше бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:

1) 2022-жылга

- Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 7 510,5 сом;

- Теңдештирилген грант- 10 073,4 сом.

2) 2023-жылга

- Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 7 574,5 сом;

- Теңдештирилген грант- 10 307,8 сом.

4. Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнө тиешелүү өлчөмдө акча каражаты түшүп, тиешелүү статияларга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 10.01.2007-жылдагы № 09-229 буйругунун негизинде берилсин;

5. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык  кызматкерлердин айлык акысы 14 айлык ченемде, чыгашаларды атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы: Т. Жумакадыровго тапшырылсын;

6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.

 

Төрага

У. Мокешов