Редакцияот 06.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы

 

2021-жылдын 6-июлу № 3/2

Жаны-Арык айыл аймагынын калктуу конуштарынын ичинде уюлдук байланыш компанияларынын байланыш сигналдарын таратуучу базалык станцияларын  орнотууга тыюу салуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №101 Мыйзамын жетекчиликке алып жана айыл аймагынын тургундарынын кайрылуусун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:

 

1. Жаны-Арык айыл аймагынын калктуу конуштарынын ичинде уюлдук байланыш компанияларынын байланыш сигналдарын таратуучу базалык станцияларын орнотууга тыюу салынсын;

2. Айыл аймагы боюнча базалык станцияларды орнотуу жагы  айыл тургундарынын макулдуктарын эске алуу менен калк жашаган конуштардан сырткары жерлерге орнотууга гана уруксат берилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго тапшырылсын;

 

Төрайым

М. Акматалиева