Редакцияот 15.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXII кезектеги сессиясы

 

2021-жылдын 15-марты № 34/2

Атайын каражаттын кирешесинин чыгашадан ашкан суммасын беренелерге бѳлүштүрүү жѳнүндѳ

“Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын сунушун эске алып жана айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Акшарованын маалыматын, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кенеши, токтом кылат:

 

1. Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 1-январь 2021-жылга атайын каражатынын кирешесинин чыгашадан ашкан 22500 сом тѳмѳндѳгүдѳй беренелерге бѳлүнсүн:

“Кызарт” бала бакчасына:

2218 – статьясы боюнча – тамак аш үчүн -  7900 сом

                                                     Баары: 7900 сом

“Кызарт келечеги” бала бакчасына:

2218 – статьясы боюнча – тамак аш үчүн -  10600 сом

                                                     Баары: 10600 сом

“Кызарт Таң нуру” бала бакчасына:

2218 – статьясы боюнча – тамак аш үчүн -  4000 сом

                                                      Баары: 4000 сом

                                                   Жалпы: 22500 сом

2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго жүктѳлсүн.

 

Төрага

К. Саралаев