Редакцияот 30.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 10-кезектүү сессиясы

 

2021-жылдын 30-апрели № 1

2021-жыл үчүн мал башына чыккан тарифти бекитүү жана көчүү конуу графиги жөнүндө

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жыл үчүн мал башына чыккан тарифин жана көчүү конуу графигин бекитип берүү максатында айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жыл үчүн Казыбек,Жаңы-Күч айылдарында сырткы жана ички жайыттарга көчүү,конуусу боюнча төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин:

1) 2021-жылдын 20-апрелинде ички жайыттарга жаздоого, ал эми алыскы жайыттарга 20-майдан калбай көчүүсү жана 1-октябрдан баштап кыштоого келүүсү бекитилсин;

2.) Алыскы жайытка кетүүчү малдар (жылкы,кой,топоз), ички жайытка калуучу уйлар Шырыкты жайлоосунда Аюу-Төр жана Туюк-Төр коктусуна багылсын;

- Баш-Келтебик коктусундагы Жол-Бел жана Орток аймагына, Чет-Келтебик коктусунда Аш-Айрык жана Капка аймагына багылсын. Орто-Келтебик өрөөнүндөгү секиден өйдөкү аймакка багылсын;

- Башка жактан келген бодо малдардын ички жайыттарга багылуусуна тыюу салынсын;

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жыл үчүн «Казыбек, Жаңы-Күч»  айылдарында мал башына төлөнүүчү акы жана жайыт акысы төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин:

 - Бодо мал -200 сом ички жайытка,алыскы жайытка 300 сом;

- кой-эчки- 45 сом жайлоого, 50 сом кыштоого;

- жайыт акысын төлөө малчынын жайыт пайдалануучу (малчы) эсебинен төлөнсүн;

- жайыт акысы, чоң бодо малга – 45 сом, жаш бодо малга -31 сом;

- кой-эчки- 9 сом;

- сырттан келген кой-эчкиге- 20 сом

3.Бул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Казыбековго милдеттендирилсин

4. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айыл    өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.

 

Төрага

Д. Кайыпов