Редакцияот 30.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 10-кезектүү сессиясы

 

2021-жылдын 30-апрели № 3

Казыбек ,Жаңы-Күч муниципалдык ишканасынын 2021-жыл үчүн элге кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө

Казыбек Жаңы-Күч муниципалдык ишканасынын директору Кубатакун уулу Ниязбектин 2021-жыл үчүн элге кызмат көрсөтүү боюнча техникаларынын тарифин элдик жыйында каралган тарифтери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Казыбек айылдык кеңеши токтом кылат:

 

Казыбек Жаңы-Күч муниципалдык ишканасынын директору Кубатакун уулу Ниязбектин билдирүүсүнүн негизинде 2021-жыл үчүн элге кызмат көрсөтүү боюнча техникаларынын тарифи  төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин:

1.Жер айдоо,дың жер-1га-1000 сом майы 25 литр;

- Аңыз жер 1га-900 сом 20 литр;

- Огород айдоо,тырмоо,себүү-1сотых-15 сом 500гр май; 20 сотыхка чейин;

- 20 сотыхтан өйдө-300гр май

- Тырмоо-1 га-450 сом 10 литр;

- Себүү-1га-500 сом 8 литр;

- Арык тартуу -1м-1 сом майы ичинде;

- Чөп пресстөө-1 даана-7 сом,1 га-10 литр;

- Дан чабуу (комбайн) -1га-1700 сом 20 литр;

- Огород 1-сотых-35 сом;

- Суу киргизүү,казуу-1 метр -200 сом,2,20 дан -3,20 га чейин тереңдикте -250 сом;

- Туалет казуу-1яма-500 сом,1кубу;

- Септик казуу-1 яма -1000 сом;

- Шагыл ,күл,топурак жүктөө -3 тонна ГАЗ-53 ге-200 сом, - КАМАЗ га-600 сом;

- КАМАЗ- 1 рейс кык-1000 сом,майын өзү куят;

- Арык казуу -5 метр-200 сом, майы ичинде

2. Ар бир кызмат пайдалануучу жери 5 километрден ашкан алыстыкта болсо техникаларга кызмат көрсөтүүдөн сырткары, ашык 5 литрден май куюп беришсин.

3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Д. Кайыпов