Редакцияот 29.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы

 

2021-жылдын 29-январы № 3

Компьютерлердин зыяндуулугун аныктоо жөнүндө

Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 11(он бир) кызматкеринин, «АРМОТ» Жоопкерчилиги чектелген коомунун 2020-жылдын 18-декабрындагы компьютерлеринен чыккан зыяндуулугун аныктоо жөнүндөгү №011 протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1. Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 11(он бир) кызматкеринин, «АРМОТ» жоопкерчилиги чектелген коомунун 2020-жылдын 18-декабрындагы компьютерлеринен чыккан зыяндууулугун аныктоо жөнүндөгү №011 протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен айлык акыларына жараша 15% акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү кызматкерлерге бөлүштүрүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.

 

Төрага

Д. Кайыпов