Редакцияот 12.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 15-кезектүү сессиясы

 

2020-жылдын 12-октябры № 2

Чөп катары чабылып кеткен дан эгиндери жөнүндө

Казыбек айыл аймагында 2020-жылы 140 гектар арпа айдалы, мунун 81 гектары быйылкы жыл жаанчыл болуп эгин бышпай калуу коркунучу жаралгандыктан чөп катары тоютка чабылып кеткендиктен, айылдык Кеңеш токтом кылат:

 

1. Быйылкы жыл жаанчыл болуп эгин бышпай калуу коркунучу жаралгандыктан 81 гектар арпа аянты чөп катары тоютка чабылып, актылары түзүлүп урусат берилгендиги белгиленсин (айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-октябрындагы № 171 буйругу тиркелет).

2. Чөпкө чабылган 81 гектар арпа аянты статистикалык отчеттуулуктан чыгаруу жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнөн суралсын.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси М.Шермамбетовго тапшырылсын.

 

Төрага

Д. Кайыпов