Редакцияот 22.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеӊешинин 17-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы

 

2021-жылдын 22-январы № 1/3

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тикелет).

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-мартындагы №5 токтому,

- Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 19-апрелиндеги №4/5 токтому,

- Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 7-декабрындагы №6/4 токтому.

3. Расмий жарыялоо жана юстициядан каттоодон өткөрүү жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж. Иманкулов