Редакцияот 17.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги I – сессиясы

 

2021-жылдын 17-майы № 1/1

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо боюнча депутаттардан түзүлгөн эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Респуликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесинин 7-бөлүгүнө жана Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 5-бөлүмүнө ылайык Көк- Жар айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:

 

1. Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо боюнча депутаттардан түзүлгөн эсептөө комиссиясынын курамына төмөндөгү сунуш кылынган депутаттар бекитилсин:

1. Эшимканова Мираида

2. Шейшенбек уулу Максат

3. Мыканов Төлөк

2. Эсептөө комиссиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 5-бөлүмүнө ылайык иш алып барышсын.

3. Бул токтом Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

 

Депутат сессияга тѳрагалык кылуучу

А.Кадыракунов