Редакцияот 22.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXIV – сессиясы

 

2021-жылдын 22-январы № 24/4

Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М. Моңкоевдин жана эсепчиси Г. Сакенованын 2020-жылы аткарган иштерин жана чогулткан салыктарынын маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын жана мындан ары дагы иштери жакшыртылсын.

2.  Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 324,0 (үч жүз жыйырма төрт миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Каралган бюджеттин аткарылышына жана чыгымдалышына көзөмөл жүргүзүү жагы эсепчи Г. Сакеновага милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А.Кадыракунов