Редакцияот 02.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2021-жылдын 2-февралы № 1/2

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген гранттан жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.

Киреше:

- Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык   - 4 340 600 сом.

- Теңдештирилген грант                               - 6 238 000 сом

Баары :                                                  - 10 578 600

Чыгаша:

- Башкаруу аппаратына                               - 6 342 900  сом

- Маданият тармагына                                  - 2 041 500  сом

- Билим берүү тармагына                            - 1 534  000 сом

- Атайын каражат                                           - 368 000 сом

- Экономикалык маселелер                                    - 292 200 сом

Баары:                                                   10 578 600 - сом

2. Баш-Кайыңды  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2022-2023 - жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин. 

- 2022- жылга  Жергиликтүү киреше – 4 432 400 сом

                          Теңдештирилген грант – 6 264700 сом

 Баары: – 10 697 100

- 2023 -жылга  Жергиликтүү киреше – 4 505 400 сом

                          Теңдештирилген грант – 6 340 100 сом

Баары: – 10 845 500 сом.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтомун жетекчиликке алып, 2021-жылдын 25-январындагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жумуш орундарын аттестациялоонун жыйынтыктарын талкуулоо боюнча комиссиянынын отурумунун №1 протоколунун негизинде компьютерде иштеген 7 штаттык бирдигиндеги айыл өкмөт кызматкерлерине 3 кызматкерге 15%, 4 кызматкерге 25% өлчөмүндө зыяндуулук үчүн кошумча акы төлөнүп берилсин.

4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.

 

Тѳрага

Ж. Асеков