Редакцияот 02.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2021-жылдын 2-февралы № 1/3

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинен  860 583 (сегиз жүз алтымыш мин беш жүз сексен үч) сом акча каражатын кароо жөнүндө

Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин 860583 (сегиз жүз алтымыш мин беш жүз сексен үч) сом төмөндөгүдөй бөлүнсүн.

- Айыл аймагындагы балдар бакчасы, клубдун интернет байланышы үчүн - 43200 сом

- Телефон байланышы үчүн - 3000  (үч миң)сом

- Командировочный - 40 000 (кырк миң)  сом

- Айыл өкмөтүнө кенсе товарларын алуу үчүн - 45 000 (кырк беш миң) сом

- МЧС - 15 000 сом

- Айыл аймагындагы соц. обьектилеринин таза суу төлөмдөрү үчүн- 50 000 (элүү миң) сом

- Айыл аймагында кольцо көпүрөө алуу үчүн - 60 000 (алтымыш миң) сом

- Даталуу күндөргө - 80 000 (сексен миң) сом

- Айылга сооружение - 150 000(бир жүз элүү миң) сом

- Айыл ичиндеги көчөлөргө шайыл төгүү үчүн - 80 000 (сексен миң) сом

- Ч.Асеков атындагы орто мектеибнпе кабель алуу үчүн - 100 000 (бир жүз миң) сом

- Ит атууга - 20 000 (жыйырма миң) сом

- Аман Шадыбеков тындагы бала бакчага медикамент алуу үчүн - 20 000 (жыйырма миң) сом

- Большевик айылындагы китепканасына китеп алуу үчүн - 10 000 (он миң)сом

- Прочий - 40 000 (кырк миң) сом

- ГСМ - 10 000  (он миң) сом

- Большевик айылын бала бакча курууга долбоор жазуу үчүн АПУ - 50 000 (элүү миң) сом

- Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасынан техникалык шарттарын алуу үчүy- 15 000  (он беш миң) сом

- Айылдык кенештин токтомдорун веб. сайтка жарыялоо үчүн - 10 000 (он миң) сом

- Кепилдик кат - 37 489 (отуз жети миң төрт жүз сексен тогуз) сом

Баары:                                                   860 583 - сом

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.

 

Тѳрага

Ж. Асеков