Редакцияот 02.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2021-жылдын 2-февралы № 1/7

Баш-Кайынды айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жана малга төлөнө турган жайыт акынын баасын бекитүү жөнүндө

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын пикирлерин угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Баш-Кайынды айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылга карата 292 200 (эки жүз токсон эки мин эки жүз) сом планы бекитилсин.

2. Жайыт комитетинин жайыт акысынан айыл өкмөтүнө түшкөн 3/1 бөлүгү жайын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалсын.

3. Жайыт комитетинин Баш-Кайынды жана Большевик айылдарынын ар бир шартуу баш малга жаз айына 60 күнгө, жай айына -120 күнгө, күз айына -70 күнгө жалпысы- 250 күнгө жайытка мал жаюуга ар бир жылкыдан 90 сом, уйга 90 сом, топозго- 90 сом, кой-эчкиге -10 сом жана Ак-Сай өрөөнүндөгү жайытка мал жаюуда кыштоого жана жайлоого топозго-115 сом, жылкыга - 115 сом, кой - эчкиге -15 сом болуп жайыт акысы бекитилсин.

4. Бул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Мусакановго  тапшырылсын.

 

Тѳрага

Ж. Асеков