Редакцияот 22.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясы

 

2021-жылдын 22-июлу № 3/3

Чолпон, Эпкин, Тармал-Саз, Ак-Чий, Ара-Көл айылдарынын тургундарынын Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу боюнча арыз даттанууларынын негизинде депутаттык убактылуу (атайын) комиссия түзүү жөнүндө

Чолпон, Эпкин, Тармал-Саз, Ак-Чий, Ара-Көл, айылдарынын тургундарынын Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу боюнча арыз даттанууларынын негизинде депутаттык убактылуу (атайын) комиссия түзүү жөнүндө №4154 “Эпкин” шайлоо округунан депутат Жеңишбеков Чолпонбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл аймагында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу боюнча жергиликтүү тургундардын арыз даттанууларын кароого жана кайрылууларына жооп кайтаруу максатында төмөндөгү курамда депутаттык убактылуу (атайын) комиссия түзүлсүн:

1) Жеңишбеков Чолпонбек-№4154 “Эпкин” шайлоо округунан депутат, комиссиянын төрагасы;

2) Тентимиш уулу Сабит-№4167 “Оро-Башы” шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү;

3) Чолпонкул уулу Нурадил-№4150 “Чолпон” шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү;

4) Адисбек уулу Майрамбек-№4153 “Ара-Көл” шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү;

5) Кооманов Мыктыбек-№4150 “Чолпон” шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы убактулуу (атайын) комиссиянын төрагасы Ч. Жеңишбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил