Редакцияот 26.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы

 

2021-жылдын 26-майы № 2/4

Чолпон айылынын Кочкор Жумгал жолунун бурулушундагы Кытайлар казып чыгарган сууну жолдун түндүк тарабынан түштүк тарапка азбест-цемент труба менен өткөзүү жөнүндө

Чолпон айылынын Кочкор Жумгал жолунун бурулушундагы Кытайлар казып чыгарган сууну жолдун түндүк тарабынан түштүк тарапка азбест-цемент труба менен өткөзүү жумуштары боюнча №4150 “Чолпон” шайлоо округунан депутат Чолпонкул уулу Нурадилдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кытайлар казып чыгарган сууну жолдун түндүк тарабынан түштүк тарапка азбест-цемент труба менен өткөзүү боюнча иш алып баруу жагы жана “Синогидро джоинт венчур пауер чайна роуд бридж” ЖЧКсына кайрылуу жагы А. Карбозовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил