Редакцияот 17.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы

 

2021-жылдын 17-майы № 1/1

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

Чолпон айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын шайлоо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 37-беренесинин 2 пунктунун талабына ылайык жашыруун добуш менен шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын жана эсептөө комиссиясынын курамдык санын түзүү максатында Чолпон айыл аймагынын айылдык  кенеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл аймагынын айылдык  кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.

- Ж. Байсымакова – айылдык кеңешинин депутаты, эсептөө комиссиясынын төрайымы;

- А. Бейшеев – айылдык кеңешинин депутаты, эсептөө комиссиясынын катчысы;

- Жалил уулу А. – айылдык кеңешинин депутаты, эсептөө комиссиясынын мүчөсү.

2. Мыйзам чегинде шайлоону өткөрүү жагы эсептөө комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Д. Абдраимов