Редакцияот 17.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы

 

2021-жылдын 17-майы № 1/2

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жөнүндө

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 37-беренесинин 4-5-6-7 пунктарынын талабына ылайык Чолпон айылдык кеңешинин Регламентине жана депутаттардын VII-чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 1 протоколун угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Депутаттардын VII –чакырылышынан шайланган Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 17-майындагы № 1 протоколу бекитилсин.

2. Чолпон айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон №4150 «Чолпон» шайлоо округунан депутат Жумалы уулу Адил Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.

3. Бул токтом Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

 

Төрага

Д. Абдраимов