Редакцияот 08.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы

 

2021-жылдын 8-апрели № 40/4

Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык жумуштарын аткарууда механизаторлордун эмгек акысы, күйүүчү-майлоочу майлардын чыгым көлөмүн аныктоо жөнүндө

Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл башчыларынын, механизаторлордун пикирлерин эске алуу менен Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык жумуштарын аткарууда механизаторлордун эмгек акысы, күйүүчү-майлоочу майларынын сарыпталышы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленсин:

 

№

Аткарылуучу жумуштар

Эмгек акысы                     (1 га жерге, сом)

Күйүүчү-майдын өлчөмү (1 га жерге, литр)

1

Кош айдоо (дөңгөлөктүү)

1300-00

20

2

Кош айдоо (каз тамандуу)

1300-00

25

3

Үрөөн себүү (48)

600-00

10

4

Бир жолу себүү

450-00

10

5

Эки жолу себүү

700-00

15

6

Тырмоо

450-00

10

7

Тегиздөө (планировка)

450-00

10

8

Таптоо (катки)

400-00

8

9

Жатка

1100-00

10

10

Чөп пресстөө

1200-00

10

11

Саман пресстөө

1000-00

10

12

Чөп тартуунун 1 рейси

500-00

5 (аралыкка жараша)

13

Үрөөн тазалоо тоннасы

500-00

-

14

Үрөөн тазалоо мүшөгү

25-00

-

15

Үрөөн даарылоо 1 га жерге

125-00

-

16

Үрөөн тартууга 1 га жерге

50-00

аралыкка жараша

17

Мала тартуу

450-00

10

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.

Төрага

Т. Токтомушов