Редакцияот 08.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы

 

2021-жылдын 8-апрели № 40/6

ҮДТ №6 жана ФАПтарга “Электрондук жеңилдетилген рецепт” маалымат тутумуна ылайык, компьютердик жабдыктар жана интернет байланышы менен камсыз кылуу жөнүндө

2021-жылдын 19-мартындагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын №338 катты аткаруу максатында айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А. Сапарбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл өкмөтүндө жайгашкан ҮДТ №6, Осоавиахим, Ак-Чий, Туз, Оро-Башы, Ара-Көл айылдарындагы ФАПтарды “Электрондук жеңилдетилген рецепт” маалымат тутумуна өтүү үчүн компьютердик жабдыктар жана интернет байланышы менен камсыз кылууга 2020-жыл ичиндеги пайдаланылбай калган акча каражаттары бөлүнүп кеткендигине байланыштуу кийинки 6 айлыкта каралсын.

 

Төрага

Т. Токтомушов