Редакцияот 08.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы

 

2021-жылдын 8-апрели № 40/7

Эпкин айылына мечит-медресе салууга уруксаат берүү жөнүндө

Чолпон айыл өкмөтүнүн Эпкин айылынын тургуну Мааткеримов Майрамбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Эпкин айылынын Сман көчөсүнүн №45 үйүнүн тургуну Ж. Жумагазиеванын өзүнүн макулдугу менен берилген жер аянтына мечит-медресе салууга уруксаат берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп мыйзамдаштырып берүү жагы жер турак-жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А. Исаковго жана Эпкин айылынын айыл башчысы А. Молдонасировго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Токтомушов