Редакцияот 08.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы

 

2021-жылдын 8-апрели № 40/8

Чолпон, Эпкин, Ак-Чий, Оро-Башы айылдарына сугат сууну бөлүштүрүү жөнүндө

Сугат суусун бөлүштүрүү боюнча Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы                                А. Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Сугат суунун тартыштыгына байланыштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн Чолпон айылында 260 га, Эпкин айылында 812 га, Ак-Чий айылында 155 га жана Оро-Башы айылында 500 га жалпысы 1727 га айдоо аянтка сугат суу жетишпегендиктен (суунун тартыштыгына байланыштуу) үнөмдүү пайдалануу, туура бөлүштүрүү максатында Чолпон, Эпкин, Ак-Чий, Оро-Башы айылдарында сугат суу төмөндөгү тартипте бөлүштүрүлсүн:

 

№

Айылдын аталышы

Айдоо аянт

Күнү

1

Чолпон

260 га

4 күн

2

Эпкин

812 га

14 күн

3

Ак-Чий

155 га

3 күн

4

Оро-Башы

500 га

9 күн

Жалпысы

1727 га

30 күн

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго милдеттендирилсин.

Төрага

Т. Токтомушов