Редакцияот 22.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы

 

2021-жылдын 22-февралы № 39/3

Айыл чарба багытындагы жерлердин салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө

Чолпон айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Р. Асыранкулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлердин салыгынын базалык ставкасын көтөрүү 2021-жылдын март айында ар бир айылда боло турган элдик жыйналышта элге сунуштап, элдин ой-пикирин эске алуу менен 6 айлык бюджеттин негизинде каралсын.

 

Төрага

Т. Токтомушов