Редакцияот 27.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VI сессиясы

 

2021-жылдын 27-августу № 6-2

31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйлоо жөнүндө

31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйлоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата саламаттыктык сактоо тармагына кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ардактуу эс алуудагы Боогазиева Бүбүйна Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ардак грамотасы» менен сыйлансын;

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү» жарлыгынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата көп жылдык үзүрлүү ак ниет эмгеги жана айылдын өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Чөлбаева Бактыгүл Мырзажановна Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ардак грамотасы» менен сыйлансын;

3. Жогорудагы сыйланган адамдарга Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Ардак грамотасын» даярдоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н. Кемеловага милдеттендирилсин;

4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин депутаттарынын төрагасы

 

А. Өмүракунов