Редакцияот 15.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги V сессиясы

 

2021-жылдын 15-июлу № 5-3

2021-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек акча каражаттарын муктаждыкка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Айдыралиевдин, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек 7 587 000 (жети миллион беш жүз сексен жети миң) сом акча каражаттарын муктаждыкка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндөгү сунуштарынын негизинде  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек 7 587 000 (жети миллион беш жүз сексен жети миң) сом акча каражаттары төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:

1) Жаңы салынып жаткан бала бакчанын курулушуна – 5 000 000 сом;

2) К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин чатырын оңдоого кошумча каражат  –  572 000 сом;

3) Ат-Башы РМАнын маңдайындагы флагштокко желек алууга – 45 000 сом;

4) Электр линия тартууга кошумча каражат – 110 000 сом;

5) Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебине санузел салуу үчүн каралган долбоорго өздүк салым – 120 000 сом;

6) Топосьемкага – 200 000 сом;

7) Өзгөчө кырдаалга – 300 000 сом;

8) Резервдик фондго – 40 000 сом;

9) Күйүүчү-майлоочу материалга (ГСМ) – 63 000 сом;

10) АРИС долбоорунун азык-түлүк программасы боюнча Дамбыны бекемдөө үчүн кубик куюп иштеген жарандарга керектелүүчү материалдарды алууга – 400 000 сом ;

11) Аттарга чөп алууга кошумча каражат– 10 000 сом;

12) Ар кандай чыгымдарга – 77 000 сом;

13) Видеокамера – 60 000 сом;

14) Насос жана көпүрөгө асбест түтүкчөлөрүн алууга– 100 000 сом;

15) Мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматкерлерди  окутууга – 30 000 сом;

16) Архитектура кызматтары үчүн (ПСД, топосьемка, ар кандай кызматтар) – 200 000 сом;

17) Доо арыздар боюнча мамлекеттик пошлинага – 20 000 сом;

18) Айыл өкмөттүн имаратына жылытуу системасын орнотууга– 225 000 сом;

19) Сейф алууга – 15 000 сом;

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин депутаттарынын төрагасы

 

А. Өмүракунов