Редакцияот 18.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз III сессиясы

 

2021-жылдын 8-июну № 3-1

Долбоордук сунуш жөнүндө

Коомчулукту өнөктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин АИД-3 долбоорун ишке ашыруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. COVID-19 пандемиясына байланыштуу айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын фокс топтору жана калкы менен онлайн платформа аркылуу талкууланып келип чыккан Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы  орто мектебинин санитардык-гигиеналык түйүнүн ощдоо боюнча чакан долбоордук сунушу колдоого алынып, Коомчулукту өнөктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИСке) сунушталсын;

2. Долбоордук сунушта көрсөтүлгөн 3,75 пайыздан кем эмес акча каражаты өздүк салым катары каралсын;

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатбекке милдеттендирилсин;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин депутаттарынын төрагасы

 

А. Өмүракунов