Редакцияот 01.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VI сессиясы

 

2021-жылдын 1-июлу № 4-4

2022-2024-жылдар үчүн орто мөөнөттүү мезгилге Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндөгү Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин   билдирүүсүнүн негизинде Ат-Башы айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-2024-жылдарга карата болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:

- 2022- жылга 31 603 400 сом, мунун ичинен:

- теңдештирилген грант - 1 611 800  сом;

- жергиликтүү кирешелер - 29 991 600 сом;

- 2023-жылга 32 407 800 сом, мунун ичинен:

- теңдештирилген грант - 1 354 700 сом;

- жергиликтүү кирешелер – 31 053 100 сом;

- 2024-жылга 33 225 200 сом, мунун ичинен:

- теңдештирилген грант – 1 422 400 сом;

- жергиликтүү кирешелер – 31 802 800 сом.

2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-2024-жылдарга карата бекитилген болжолдуу долбоорун эске алып, иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевге тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин депутаттарынын төрагасы

 

А. Өмүракунов