Редакцияот 20.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги I сессиясы

 

2021-жылдын 20-майы № 1-2

Ат-Башы  айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана анын орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана анын орун басарын шайлоо Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2012-жылдын 3-апрелиндеги №20/3 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 5-пунктуна ылайык өткөрүлгөндүгүн эске алуу менен эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы болуп Өмүракунов Асан Сулайманович шайлангандыгы белгиленсин;

2. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Жаныгулова Назира Мамбеталиевна шайлангандыгы белгиленсин;

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин депутаттарынын төрагасы

 

К. Айдыралиев