Редакцияот 08.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы

 

2021-жылдын 8-апрели № 8-1

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2021-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен өз ара эсептешүү жолу менен келип түшүүчү акча каражатынын пайдалануу багыттарын аныктоо жөнүндө

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2021-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен өз ара эсептешүү жолу менен келип түшүүчү акча каражатынын пайдалануу багыттарын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Айдыралиевдин, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.Жапаровдун жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2021-жылдын 1-январына карата 9 742 368 (тогуз миллион жети жүз кырк эки миң үч жүз алтымыш сегиз) сом 73 тыйын калдык акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:

1) Айылдык кеңештин төрагасынын эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү үчүн - 11 200 сом;

2) “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына контракт менен иш жүргүзүп жатышкан жумушчулардын, айылдын квартал комитет башчыларынын эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү үчүн - 882 900 сом;

3) Айыл өкмөткө лизингге комбайн алууга - 2 500 000 сом;

4) А. Керимбаев мектебине от казаны, навес курууга – 1 500 000 сом;

5) Кичи футболдук аянттын ремонтуна – 1 200 000 сом;

6) Мамбеталиев атындагы мектебинин чатырын оңдоого – 836 000 сом;

7) Тыналиев атындагы бала бакчасынын ремонту үчүн – 450 000 сом;

8) Таштанды төгүлүүчү жердин ижара акысына – 300 000 сом;

9) Көз ооруларын текшерүүгө аппарат алууга – 200 000 сом;

10) Мектептерге өрт коопсуздугун алдын алууга шаймандар – 160 000 сом;

11) «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасына – 120 000 сом;

12) Жол белгилерин алууга – 50 000 сом;

13) Архитектуранын кызматы үчүн – 132 000 сом;

14) Волейбол командага форма алуу үчүн – 40 000 сом;

15) Балдардын билим берүү борборунун ремонтуна – 100 000 сом;

16) Айылдык кеңешке ноутбук, принтер алууга – 75 000 сом;

17) Айылдык кеңешке печать, штамп жасатууга – 3 500 сом;

18) Айылдык кеңешке темир шкаф алууга – 15 000 сом;

19) Айылдык кеңешке керектүү каражаттарды алууга – 29 968 сом 73 тый;

20) Айыл өкмөткө компьютер, принтер алууга – 75 000 сом;

21) Айыл өкмөткө темир шкаф алууга 15 000 сом;

22) Санарипке туташтырууга – 50 000 сом;

23) Санарип кол тамга алуу үчүн – 1500 сом;

24) Жер адистерине стул, шкаф алууга – 10 000 сом;

25) Мектеп, бала бакчаларга антисептик каражаттарды алууга – 56 300 сом;

26) Медициналык аптечка комплектиси менен алууга – 15 000 сом;  

27) Эл каттоого – 50 000 сом;

28) Жесткий диск алууга – 20 000 сом;

29) Мектептердин электр эсептегичин которууга – 12 000 сом;

30) «Ак-Байрак» бала бакчасынын пандемия учурунда колдонулган электр энергиясына – 19 000 сом;

31) «Чатыр-Көл» шайлоо участкасынын электр энергиясы үчүн – 15 000 сом;

32) «Асылзат-Зирек» бала бакчасына санузел жасоо үчүн – 28 000 сом;

33) Ат-Башы айылынын башкы планынын топосьемкасына – 200 000 сом;

34) Кадастр мекемесине карта чийдирүү үчүн – 50 000 сом;

35) Архитектурага документация үчүн – 100 000 сом;

36) Соц.жардам бөлүмү аркылуу «Кризистик борбор» курууга жер аянтынын документациясына – 40 000 сом;

37) Прожектор алууга – 100 000 сом;

38) Китепкананын фондуна – 10 000 сом;

39) Спорт мектебине инвентарь алууга – 100 000 сом;

40) Азия чемпионатына барып келүү үчүн – 40 000 сом;

41) ИИОнун багар-көрөрү жок ардагерине там салуусуна жардам берүү үчүн – 100 000 сом;

42) Ит атууга – 30 000 сом;

2. 2021-жылдын 1-январына карата Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсебинде калган 167 984(бир жүз алтымыш жети миң тогуз жүз сексен төрт)  сом 25 тыйын айыл өкмөткө караштуу бала бакчалардын тамак ашы үчүн пайдаланылсын;

3. Республикалык бюджеттен жана өз ара эсептешүү жолу аркылуу келип түшүүчү 1 500 000 (бир жарым миллион) сом акча каражаты Ат-Башы айылынын башкы планын (генплан) түзүүгө  каржыланып берилсин;

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К. Жапаровго тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин депутаттарынын төрагасы

 

Т. Ыдырысов