Редакцияот 08.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы

 

2021-жылдын 8-апрели № 8-7

Ат-Башы айылына «Кризистик борбор» куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Райондун аймагындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, үй жайы, багаар-көрөөрү жок адамдардын, турмуштун оор кырдаалына, зордук зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылган адамдардын коопсуздугун, саламаттыгын сактоо үчүн убактылуу жайгаштыруу максатында райондун борборуна «Кризистик борбор» ачуу зарылчылыгы жөнүндөгү Ат-Башы райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Султангазы уулу Тилектин сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айылына «Кризистик борбор» куруу үчүн Ат-Башы айыл аймагынын «Улан-2» жаңы конушунан 700 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин;

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар  боюнчабашкы адиси Б. Жунусалиевге милдеттендирилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын. 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин депутаттарынын төрагасы

 

Т. Ыдырысов