Редакцияот 28.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз II сессиясы 

 

2021-жылдын 28-майы № 2/6

Кочкор айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө

Кочкор айыл өкмөтүнүн Кочкор айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы  А.Осмоналиевдин маалыматын угуп, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кочкор айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү жайыт билетинин эсебинен чогултулган каражат 600,0 (алты жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Жайыт комитетинин чыгымдар бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.

 1.Башкаруу аппараты

 Жайыт салыгы-138 231 сом (0,4 пайыз менен 144,0)

 Эмгек акы үчүн- 131 080,0 сом (4 адамга ар бирине 27118 сомдон бир жылга)

 Соц.фондго чегерүү- 17,25% ,10  %, ичинде 22611

 Командировкалык чыгым-15000сом

 Ар кандай чыгымдар  -24 869,0 сом

 Канцелярдык буюм алууга -5000 сом

 Транспорт чыгымы-25000 сом

 Ремонт иштерине-5000сом

 Жайыт жакшыртуу-133209 сом

 Анын ичинен: жол оңдоого жана труба алуу үчүн -96684сом, бел ачууга-10000 сом, мониторинг жүргүзүү-26522 сом

 Техника алууга-100 000

 Баардыгы-600 000

3. Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгүн толук аткаруу жана чыгымдоолорду мыйзамга ылайык жургузуу жайыт комитетинин төрагасы Осмоналиев Алымбек Медетовичке жана эсепчисине милдеттендирилсин.

 

Төрага

Э.Э. Эшмукамбетов