Редакцияот 23.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеӊешинин 18-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы

 

2021-жылдын 23-июлу № 1/1

Кара-Суу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү  программасынын жана 2021-жылдын жарым жылдыгына карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынынын отчетун угуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Суу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана 2021-жылдын жарым жылдыгына карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынынын отчету «канааттандырарлык» деп белгиленсин.

2. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-2024-жылдарга болжолдуу долбоору жактырылсын.

 

Төрага

Ж. Иманкулов