Редакцияот 13.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2020-жылдын 13-июлу № XXXXVIII/1

Жергиликтүү бюджеттин сметасындагы статьяларындагы акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык кырдаалдын абалы жөнүндө №10 чечими менен Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун койгон тапшырмаларын жана Республикалык оперативдүү штабдын 06.07.2020-жылдагы жыйынында коюлган тапшырмаларын жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын отурумунун 2020-жылдын 13-июлундагы №88 протоколдук тапшырмаларын жетекчиликке алып, айыл аймакта санитардык-эпидемиологиялык кырдаал күчөп, коронавирус  инфекциясы жуккандардын саны көбөйүп жаткандыктан, жергиликтүү бийлик органдары  тарабынан оорунун алдын-алып айыл аймактагы кырдаалдагы жөнгө салуу максатында Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин сметасынан стаьяларды жылдыруу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин XXXXVIII кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баетов айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетине  төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилип бекитилсин.

 

№

раздел

Статья

Сумма

Статьядан кыскартуунун себеби

1

70911

2218

600,0

2020-жылдын март айынан бери бала бакчалар короновирус инфекциясын таралуу коркунучтарынын алдын-алуу максатында иштебегендиктен үнөмдөлөт

2

70111

2215

97,6

Жаратылыш пайдаланууга каралган акчадан кыскартылат

3

70911

2222

97,0

Бала бакчаларга эмерек сатып алуу үчүн каралган акча каражаты кыскартылат

Жалпы

794,6 сом акча каражаты кыскартылсын

 

№

раздел

статья

сумма

Статьяга жылдыруунун максаты

1

70111

2214

40,0

Учурдагы кырдаалга байланыштуу ГСМ үчүн

2

70111

2222

377,0

КОВИД-19на байланыштуу күндүзгү  стационарларды  уюштурууга эмеректерди  (кровать,жууркан,шейшеп, генератор башка чарбалык буюмдарды) алууга

3

70629

2214

80,0

Учурдагы кырдаалга байланыштуу, айыл ичиндеги мусорлорду тазалоого жана башка жумуштар үчүн ГСМ үчүн

4

71093

2721

200,0

Жардамга муктаж адамдарга жардам берүүгө

5

70629

2222

97,0

Учурдагы кырдаалга байланыштуу жана чарбалык буюмдарды сатып алууга

Жалпы:

794,0 сом жылдырылып бекитилсин.

2. Жылдырылган акча каражатын өз максатында пайдалануу, которуп берүү жагы башкы бухгалтер В.Нарматовага тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы жана бюджеттик  тармактык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Б.Капарбек уулу