Редакцияот 14.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 14-августу № V/5

Афган согушунун ардагерлерине жайыт акыдан жеңилдик берүү боюнча

Афган согушунун ардагерлерине жайыт акыдан жеңилдик берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Афган согушунун ардагерлерине Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 344-статьясына ылайык жайыт салыгынын төлөмүнөн жеңилдик берилгендиктен, жайыт акысынын төлөмөрүнөн бошотуу боюнча IV чакырылыштагы Баетов айылдык Кеңешинин 29-март 2011-жылдагы XVIII-сессиясынын №18/6 токтому жокко чыгарылсын.

2. Афган согушунун ардагерлерине социалдык тармактан женилдик беруу, жардам коргозуу 2022-жылдын бюджетин бекитүүдө эске алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

Ч. Азимжанов