Редакцияот 14.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 14-августу № V/6

 

“Тынчтык” бала бакчасынын  Тынчтык №2 корпусунун жылытуу системасын оңдоп-түзөө иштерине  акча каражат бөлүү жөнүндө

“Тынчтык” бала бакчасынын  Тынчтык №2 корпусунун жылытуу системасын оңдоп-түзөө иштерине акча каражат бөлүү  жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тынчтык балдар бакчасынын 2021-2022-окуу жылына карата Тынчтык №2 окуу корпусунун жылытуу системасын оңдоп-түзөө иштерине керектелүүчү акча каражаттарын тиешелуү адистер менен биргеликте тактап чечип берүү  айыл өкмөт А.Абдылдаевге тапшырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын козомолдоону озумо калтырамын.

 

Төрага:

Ч. Азимжанов