Редакцияот 26.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 32 сессиясы

 

2021-жылдын 26-январы № 32/16

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2021-жылга карата иш планы жөнүндө

1. Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2021-жылга карата иш планы бекитилсин.

 

1-квартал.

1. Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.

2. М.Базаркулов атындагы орто мектебинин окуучуларына 1-4-класстардын окуучуларына шашке тамагынын берилишинин абалы туурасында мектеп директорунун отчету.

2-квартал.

1. Маданият жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында айылдык клуб башчысынын отчету.

2. Калктын саламаттыгын жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында №4 ҮДТ жетекчисинин отчету.

3-квартал.

1. Жаш өспүрүмдөргө билим, тарбия берүү жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында  «Жамал апа» бала бакчасынын директорунун отчету.

2. Калкты таза суу менен камсыз кылууда аткарылып жаткан иштер туурасында «Жеңиш-Саз» ИСКАКБнын жетекчисинин отчету.

3. Калкты пения, пособие, ММК менен камсыз кылууда аткарылып жаткан иштер боюнча байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин отчету.

4-квартал.

1. Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана төлөм акыларынын чогултулушу боюнча ЖПБнин жетекчисинин отчету.

2. Кара-Бүргөн айылын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2021-жыл ичинде аткарылган иштер туурасында айыл өкмөт башчысынын отчету жана келээрки жылга карата программасы жөнүндө.

 

Айылдык кеңештин орун басары

Т. Жузупбеков