Редакцияот 26.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 32 сессиясы

 

2021-жылдын 26-январы № 32/18

Кара-Бүргөн айыл аймагында турак-жай куруучуларга аныкталган жер аянты жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 32-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бүргөн айыл аймагында турак-жай куруучуларга бөлүнүүчү жер аянтынын өлчөмү 1200кв.м болсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин

 

Айылдык кеңештин орун басары

Т. Жузупбеков