Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 7-чакырылышынын 3-чү кезексиз сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 2

Айыл аймагындагы балбакчаларда ата-энелер аркылуу төгүлүүчү взносту көтөрүү жөнүндө

Айыл аймагындагы “Кара-Булуң келечеги” жана “Сезимтал” бала бакчаларында ата-энелер аркылуу төгүлүүчү взносту көтөрүү боюнча карап чыгып айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагындагы “Кара-Булуң келечеги” жана “Сезимтал” бала бакчаларында ата-энелер аркылуу төгүлүүчү взностун көлөмү ата-энелер чогулушунун протколуна ылайык 500 сом болуп бекитилсин.

2. Айыл аймагындагы “Кара-Булуң келечеги” жана “Сезимтал” бала бакчаларында ата-энелер аркылуу төгүлүүчү взностун көлөмүн көзөмөлдөө, бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бала-бакча башчыларына тапшырылсын.

 

Төрага:

Б. Айыпов