Редакцияот 24.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 7-чакырылышынын 1-чи кезексиз сессиясы

2021-жылдын 24-майы № 6

Айыл өкмөттүн 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Айыл өкмөттүн 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү тууралуу карап чыгып айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөттүн 2021-жылга бекитилген бюджетине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин;

- Паркка темирбетон шакекче алууга 18миң сом

- өзгөчө кырдаалга карата өрт өчүрүүчү мотопомпуга 40миң сом

- Кызыл-Туу айылынын Күңгөй участкасына сарайларга

- суу чыгарууга труба алууга 400миң сом

- Айыл өкмөттүн курьер-кароолчусуна велосипед алууга 15миң сом

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу ФЭБ башчы Т.Исаковго, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Бегалиевге тапшырылсын.

 

Төрага:

Б.Айыпов