Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын 22-чи кезексиз сессиясы

2021-жылдын 19-марты № 4

Кара-Булуң айылында административдик корпустун имаратын курууга карата жер аянтын берүү жөнүндө

Кара-Булуң айылында административдик корпустун имаратын курууга карата жер аянтын берүү боюнча карап чыгып, Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Коюн айыл өкмөтү тарабынан 16.09.2004-жылдагы №28/1 токтомунун негизинде Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кара-Булуң айылынын Модубаев Иният көчөсүндөгү №33/3 дарегиндеги 4-02-04-1002-0413 идентификациялык номердеги 3324,0 чарчы метр кыймылсыз мүлк бирдигине өзгөртүү киргизилсин.

2. Кара-Коюн айыл өкмөтү тарабынан 16.09.2004-жылдагы №28/1 токтомунун негизинде Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кара-Булуң айылынын Модубаев Иният көчөсүндөгү №33/3 дарегиндеги 4-02-04-1002-0413 идентификациялык номердеги 3324,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 1847,6 чарчы метр жер аянты Кара-Булуң айылында административдик корпустун имаратын курууга карата  бөлүнүп берилсин.

3. Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кара-Булуң айылынын Модубаев Иният көчөсүндөгү №33/3 дарегиндеги 4-02-04-1002-0413 идентификациялык номердеги 3324,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен калган 76,4 чарчы метр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине калтырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.

 

Төрага:

Б.Айыпов