Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын 22-чи кезексиз сессиясы

2021-жылдын 19-марты № 5

Кара-Булуң айылынын «Окторокой» участогунан БСР курууга жер аянтын берүү жөнүндө

Кара-Булуң айылын тургуну Миңбаев Кубанычбектин кайрылуусун карап чыгып «Окторокой» участогунан БСР куру үчүн жер аянтын берүү боюнча, Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булуң айылын тургуну Миңбаев Кубанычбекке «Окторокой» участогунан жайыт жерден сугат сууга карата БСР куруу үчүн 4 гектар жер аянты берилсин.

2. «Окторокой» участогундагы берилген 4 гектар жер аянтынын тиешелүү иш-кагаздарын бүтүрүүгө көмөк көргөзүү жагы ЖПБнын төрагасына жана жер адис Садырбек уулу Мирланга жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.

 

Төрага:

Б.Айыпов